
«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Арслан Сартбаевге карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси менен Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип жатат.
Сартбаевге иштин козголушуна анын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайылданган Таалайбек Сарыбашовдун мэриядагы чогулуш учурунда тартылган сүрөтүн «Фейсбуктагы» баракчасына чыгарып, ага жазган комментарийи негиз болгон.
Учурда анын жазгандары боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды. Ал эми аталаган пост соцтармактан өчүрүлгөн.
Оставьте первый комментарий