Токиодогу Олимпиада тууралуу кызыктуу фактылар
Бүгүн 8-августта Токиодогу Олимпиада оюндары жыйынтыкталып жатат. Тарыхта биринчи жолу кийинки жылга калтырылып, көрүүчүлөрүсүз өтүп жаткан мелдештин көптөгөн өзгөчөлүктөрү бар. "Т-Медиа" Токио Олимпиадасы тууралуу кызыктуу фактыларды чогултуп көрдү.
Өткөн жылдын датасы менен өтүп жатат
Дүйнөдөгү 32- Олимпиада оюндары 2020-жылы Токиодо өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам бир жылга жылдырылган. Ошентседа уюштуруучулар мелдешти арткы дата менен өткөрүүнү туура көрдү. Тагыраагы мелдештин аталышы Олимпиада-2020 бойдон өткөн жылдын датасы менен калтырылган. Ал эми, оюндар катуу санитардык эрежелерди сактоо менен көрүүчүлөрсүз уланып жатат.
Сүрөт: © REUTERS / ATHIT PERAWONGMETHA
Өзгөчө ойлоп табуу
Жапониялыктар биринчи жолу Олимпиада үчүн медалдарды кайра иштетилген эски телефондордон жасашты. Алар 2017-жылдан бери, эки жыл боюу өлкөнүн булуң бурчунан эски телефондорду чогултушкан. Долбоордун негизинде 79 тонна телефон жыйналды. Андан жапон эли майдалап кайра иштеткенден кийин, 32 кг алтын, 3500 кг күмүш жана 2200 кг коло алган. Бул өзгөчө ойлоп табуу 5 миң олимпиада медалын жасоого жетти.
Ошондой эле, жапондор спортчулар үчүн керебеттерди кайра иштетилген картондон жасашты. Бул бир адамдык керебеттер 200 килограммга чейин көтөрө алат. Бирок анын үстүнө чыгып секирип же катуу аракеттер жасалса сынып кетиши мүмкүн. Жапондор мындай ыкманы спортчуларды коронавирус жугузуп алуу коркунучунан сактап, жыныстык катнашты болтурбоо максатында колдонду. Бардыгы болуп мындай уникалдуу керебеттен 18 миң даана жасалган.
Олимпиаданын эң жаш катышуучусу 11 жашта
Олимпиаданын эң жаш катышуучусу сириялык теннисчи Ханд Заза болгону 11 жашта. Ал Олимпиада тарыхында акыркы 53 жыл аралыгындагы эң жаш катышуучу. Буга чейинки рекордду 1968-жылы Румыниялык көркөм муз тебүүчү Беатрис Хусту да 11 жашында Олимпиадага жолдомо алып жаңылаган эле. Ханда Заза 11 жашында Олимпиадалык желекти да көтөрүп чыгууга жетишти. Бирок беттеште байгелүү орун ута алган жок.
Спорттун жаңы түрлөрү кошулуп, эң көп медал ойнотулду
Токиодо Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу спорттун 33 түрү боюнча 339 медал ойнотулду. Себеби 2016 -жылы Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими менен мелдешке спорттун каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбордин түрлөрү кошулуп, байгенин саны көбөйгөн. Бирок мындай өзгөртүү Токио Олимпиадасы үчүн гана кабыл алынган. Мындан улам, кийинки жайкы Олимп оюндары, эгерде комитетте кайрадан добушка коюлбаса мурунку эле форматта өткөрүлөт.
Олимпиада урааны өзгөртүлдү
Токиодо мелдештин башталышына үч күн калганда Эл аралык Олимпиада комитети Олимпиада оюндарынын ураанынын текстинин өзгөртүүнү жактырып берди. Жаңы ураанга "бирге" сөзү кошулуп, эми ал "Тезирээк, бийик, күчтүү - бирге" деп өзгөртүлдү.

Олип оюндарынын урааны 1894-жылы "Тезирээк, бийик, күчтүү" деп кабыл алынган. Бул девиз алгачкы ирет 1924-жылы Париждеги Олимпиадада жаңырган. Ошондон бери ал өзгөртүлгөн эмес.
ЛГБТ өкүлдөрүнүн көптүгү
Быйылкы жайкы Олимпиада оюндары ЛГБТ спортчулардын көптүгү менен да өзгөчөлөндү. Мелдешке жалпы 25 өлкөдөн 142 ЛГБТ спортчу келген. Алардын 34ү АКШ, 16сы Канада, 15и Улуу Британия жана 13ү Нидерландия курама командаларында катышты.

Ал эми, жаңы Зеландиянын оор атлетчиси Лорел Хаббард тарыхта Олимпиадага катышкан биринчи трансгендер спортчу болду. Ал 34 жашында жынысын алмаштырган, ага чейин Лорел Гэвин деген ат менен таймашып, 2017 -жылдагы Дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесине ээ болгон.
Лорел Хаббард