«Аткаминерлерди камчыла». Ысык-Көлдө уурдалган журналист Мариповдон камчы белекке алды

Сүрөт: Улукбек Карыбек уулу

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көлдө белгисиз адамдар уурдап кеткени айтылып жаткан журналист Улукбек Карыбек уулун кабыл алды. Жолугушуу 9-августта болгонун журналист «Т-Медиага» билдирди.

Айтымында, Марипов журналистти карматып жана коркуткандар жоопко тартылаарын айтып, бул иш анын көзөмөлүндө экенин белгилеген. Мындан тышкары Карыбек уулу  өкмөт башчыга Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырган «Вега оперейтинг компани» тууралуу дагы айтып берген.

«Биздин жасап жаткан ишибизди көрүп жүргөнүн айтып, ыразычылык ирээтинде кыргыздын салтына ылайык колубузга камчы карматты. Бул камчы менен өлкөбүзгө зыян келтирген жемкорлорду, кызмат абалынан пайдаланган, иштебей жаткан аткаминерлерди камчыла, күчтөнүп иште деген каалоолорун айтты. Анан да «Вега» компаниясынын мыйзамсыз иштерин, карапайым айдоочулардын чөнтөгүн ченебей кагып жатышканын жана бул ишке тиешелүү маселелерди жеткиздик. Көзүбүзчө тиешелүү тармактын бөлүм башчыларын чакырып, “Коопсуз шаар” долбоорундагы алешемдиктерди жоюуга, карап чыгууга тапшырмаларды коюп, жакынкы убакта чечилсин деп буйрук берди. Экинчи көйгөй, алыскы Чоң-Алай районундагы «Кара-Казык» алтын кениндеги мафиялык иш аракеттерди тезирээк көзөмөлгө алынуусун сурандым. Биз менен бирге иш алып барууга даяр экендигин жана мыйзам бузган жемкорлорго ачык, чогуу күрөшүүгө кызыктарлыгын билдирди», -дейт ал.

Журналист Улукбек Карыбек уулу 6-августта «Фейсбук» баракчасына билдирүү калтырган. Анда ал министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Ысык-Көлгө сапары учурунда ага суроо берүүнү көздөгөнү үчүн күч кызматкерлеринин кысымына кабылганын, белгисиз беткапчан үч адам аны уурдап бара жаткан жеринен качып кутулганын айткан.

Марипов 7-августта «Фейсбуктагы» баракчасына Карыбек уулу менен жолугуп, сүйлөшүүгө даяр экенин жазды.

Өкмөт башчы Ысык-Көлгө селден жабыркаган аймактардан кабар алып, жергиликтүү эл менен жолугушуу үчүн барган. Мындан тышкары Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалардын абалы, бир катар ишканалардын жана Каракол шаарындагы зоопарктын иши менен таанышып кайткан.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*