Баткен: чек ара чырында жабыркаган 76 ишкерге жеңилдетилген насыя берилет

Сүрөт: Т-Медиа/ Нурмухаммед Абыдкалык уулу

Кыргыз өкмөтү 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда жабыркаган ишкерлерге насыяны жеңилдетилген шартта берүүнү Экономика жана финансы министрлигине тапшырды. Суманнын жалпы көлөмү — 15,2 миллион сом. Мындай токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 9-августта кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жеңилдетилген насыя 76 ишкерге берилет. Алардын ар бири 200 миң сомдук насыяны 0,1% үстөгү менен, күрөөсүз үч жылдык мөөнөткө ала алышат.

Ошондой эле «Айыл Банкка» жана «РСК Банкка» чек ара жаңжалында жабыр тарткан Баткен облусунун тургундарынын жана ишкерлердин 28-апрелге чейинки алган карыздарын белгиленген тартипте кечүү жана реструктуризация кылуу сунушталды.

Быйыл кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Келтирилген чыгымды үч башка комиссия иликтеген. Министрлер кабинети жергиликтүү бийлик эсептеп чыккан 1 миллиард 305 миллион 994 миң сомдук зыянды бекиткен эле.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*