COVID-19дун жаңы 471 учуру катталды. Алты бейтап каза болду

Коронавирус акыркы суткада 471 кишиден аныкталды. Алты бейтап көз жумуп, 995 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 212;

Ош шаары — 7;

Чүй облусу – 110;

Ош облусу – 5;

Талас облусу — 14;

Нарын облусу — 4;

Ысык-Көл облусу – 38;

Жалал-Абад облусу – 60;

Баткен облусу — 21.

Пандемиядан бери жалпы илдет жуктургандардын расмий саны 169 971ге жетти.  Айыккандар 159 280. Каза болгондор — 2413.

Стационарда 2609 жана амбулатордук түрдө 4481 адам дарыланып жатат.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*