Этникалык кыргыздарга ЖОЖдо акысыз билим алууга сынак жарыяланды. Шарттары

Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдо акысыз билим алууга сынак жарыяланды. Ага Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия жана Казакстанда жашаган этникалык кыргыздар катыша алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди бериши кажет:

  1. Министрдин орун басарынын атына арыз;
  2. Анкета;
  3. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (эгер талапкер паспорт ала элек болсо, ошол учурда) орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү;
  4. Тиркемелери менен кошо билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү;
  5. Билим деңгээли тууралуу маалым кат (Казакстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын жарандарынан башкаларга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде берилет);
  6. Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалым кат;
  7. Талапкерлердин академиялык чөйрөдөгү жетишкендиктерин тастыктай турган сертификаттар, грамоталар, дипломдор;
  8. 086-у медициналык маалым каты;
  9. ВИЧ/СПИД жоктугу тууралуу маалым кат;
  10. 3х4 см 6 сүрөт.

Документтер 30-августка чейин кабыл алынат.

Кошумча суроолор боюнча министрликтин +996 312 621519 номери аркылуу күн сайын саат 14:00дөн 17:30га чейин маалымат алууга болот.

Ошондой эле Тажикстан, Өзбекстан, Түркияда жайгашкан Кыргызстандын элчиликтери менен байланышууга мүмкүн.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги. Ташкент шаары, Мирзо-Улугбек району, Ниёзбек йули көчөсү, 6-подъезд, 30-үй, номери +998 712374796, +998 909009214, e-mail: kgprotocol.uz@gmail.com;

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги. Душанбе шаары, Носиров көчөсү, 56 «А», номери +992 887782223, e-mail: kg@kgembassy.tj;

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги. Элчиликтин атташеси Бегимай Бакытбекке 0312 491 35 06 (07) номери же b.bakytbek@mfa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылууга болот.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*