
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эркинбек Осоев транспорт жана жол министри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта президенттин аппараты кабарлады.
Осоев 45 жашта. Аталган мекемеде 2006-2017-жылдары иштеп, бир жылча министрдин орун басары болгон.
Жапаровдун дагы бир жарлыгына ылайык, Гүлмира Абдралиева транспорт жана жол министри кызматынан бошотулду. Ал жетекчи болуп быйыл февраль айында дайындалган эле.
Оставьте первый комментарий