Кургакчылык: өлкөдө сугат суунун жетишсиздигинен дан эгиндери эки эсе аз жыйналды

Иллюстративдүү сүрөт: Shutterstock

Быйыл Кыргызстанда сугат суунун жетишсиздигинен улам дан эгиндери өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе аз жыйналды. Бул тууралуу 10-августта Улуттук статистика комитети билдирди. 

Өлкө боюнча июль айына карата жалпы 230,7 миң гектар аянттан 285 миң тоннага жакын дан алынган. Бул былтыркы жылдагы көрсөткүчтөн 52%га аз.

 

Эгиндин аз жыйналышына аномалдуу жогору температуранын кесепетинен сугат суунун жетишсиздиги себеп болгон. Натыйжада буудайдын дүң жыйымы — 41,4%га, арпа — 57,9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү — 31,2%га, картошка — 6,3%га жана бакча өсүмдүктөрү — 3,5%га кыскарган.

Ал эми, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу тескерисинче жашылча өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү 8,2%га олуттуу өстү.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*