Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары дайындалды

Данияр Жаныкулов президенттин Ош Облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Жаңы дайылдалган орун басар бүгүн жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.

Данияр Жаныкулов 41 жашта. Эмгек жолун 1998-2001-жылдары Талас облустук жаштар комитетинин төрагалыгынан баштаган. 

2001-2007-жылдары  КТРК “Ала-Тоо” программасында кабарчы, жоопту редактор;

2007-2009-жылдары  ЭлТР МТРКсы башкы продюсер;

2009-2011-жылдары Маданият жана Маалымат министрлигинде пресс катчы, министрдин жардамчысы;

2011-2014-жылдары “Ата Журт” саясый партиясынын төрага орун басары;

2014-2015-жылдары  “Ата Журт” партиясынын саясий кеңешинин төрага орун басары;

2015-2021-жылдары  ОсОО “Альянс-Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы.

Эске салсак, 3-августта  11 жылдан бери президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн орун басары болуп иштеп келе жаткан Ахмаджан Махамаджанов  башка кызматка которулган.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*