
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 30-сентябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында калтырылды. Маалыматты «Т-Медиага» Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
«Бүгүн, 11-августта шаардык сотто биринчи инстанциянын, Биринчи май райондук сотунун чыгарган чечими каралды. Натыйжада сот райсоттун чечимин күчүндө калтырды», -деп айтылат маалыматта.
Асылбек Жээнбеков 31-майда УКМКга суракка чакырылып, 1-июнда камакка алынган. Эл өкүлү «Кумтөр» иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде шектелип жатат.
Асылбек Жээнбеков мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Ал 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал эми Төрөбай Зулпукаров Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.
Оставьте первый комментарий