COVID дагы 382 кишиге жугуп, жети адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 11-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы жети адам каза болду. Ушуну менен өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2420 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 382 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 218 жана Чүй облусунда — 52. Мындан тышкары Ош шаарында — 5, Ош облусунда — 17, Таласта — 5, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көлдө — 39, Жалал-Абадда — 11 жана Баткен облусунда 25 учур катталды.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 170 353 адамга жетти.

Бир күндө 995 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2455 адам жатат, дагы 4031 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*