Лейлекте оорукананын имаратына ок атылды

Лейлек районунун Интернационал айылында бүгүн саат 15:10 чамасында аймактык оорукананын имаратына Тажикстан тараптан ок атылды. Бирок кошуна өлкөнүн чек арачылары курал колдонушпаганын айтууда.  Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда оорукананын экинчи кабатындагы терезени ок тешип өткөн. Ал жерде 5,45 мм калибриндеги АК-74 автоматынын огу табылган. Жаракат алгандар жана жабыркагандар жок.

Окуя боюнча саат 17:00 чамасында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Анда тажик тарап өз чек арачыларын текшергенин жана алар курал колдонушпаганы маалым болгонун билдиришти. Ошондой эле кошуна өлкөнүн чек ара өкүлдөрү ок кокусунан атылган болушу мүмкүн экендигин айтышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында окуяны эки тарап өз алдынча иликтөөгө алуу чечими кабыл алынды.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1349 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*