
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 13-августтан 16-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.
Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
ӨКМ мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал кармоону кыйындатышы мүмкүндүгүн эскертет.
Оставьте первый комментарий