Ооруканага атылган ок. Баткенде күч түзүмдөрү чукул жыйынга чогулду

Сүрөт: Баткен облустук бийлигинин маалымат кызматы

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрүнүн облустук жетекчилери менен жабык эшик артында жыйын өткөрүүдө. Анда 11-августта Лейлек районунда Тажикстан тараптан ооруканага ок атылган окуя талкууланып жатат. 

Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Азат Курбанбеков «Т-Медиага» билдиргендей, жыйында мындан тышкары Катта-Туз аймагында Тажикстандын чек арачылары тарабынан окоп казылышы боюнча да каралат.

«Жыйын саат тогузда башталган. Кыргыз-тажик ортосундагы чек ара маселери, чек аралаш аймактарда кыргыз-тажик ортосунда чыр чатактарды алдын-алуу жана болтурбоо, буга чейинки чек ара аймактарындагы орун алган окуялар боюнча да талкуу жүрөт», -дейт ал.

Кечээ, 11-августта Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тараптан ок атылып, аймактык оорукананын терезесин тешип өткөн. Жеринен АК-74 автоматынын 5.45 мм калибрлүү огу табылган. Эч ким жабыркаган эмес.

Окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, тажик тарап Интернационал айылына жакын жерде кызмат өтөгөн чек арачыларынын куралын текшерерин убадалаган.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*