Акимдерге жолтандабас алынбайт. Президент тендерди жокко чыгарууну тапшырды

Иллюстративдик сүрөт

Президент Садыр Жапаров райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды».

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Автотранспорт» бирикмеси 40 жеңил автоунаа сатып алуу үчүн тендер жарыялаган. Ал үчүн бюджеттен 60 миллион сом каралган. Мамлекеттик сатып алуу порталынын сайтындагы маалыматка ылайык, ар бир унаага 1,5 млн сомдон каралган. Техникалык талапка жараша машинелер заводдон 2021-жылы чыгарылып, айдалбаган жана ак түстө болушу зарыл.

11-августта жарыяланган тендер боюнча жергиликтүү басылмалар жазып чыккандан кийин социалдык тармактарда сын күчөп, бир күндөн кийин президенттик аппарат тендер боюнча түшүндүрмө берген. Мындай чечим бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында кабыл алынганын айткан.

Автор Т-медиа 11442 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*