
Лейлек районунун Катта-Туз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң толтурулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Азат Курбанбеков «Т-Медиага» билдирди.
«12-августта облус башчысы Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аң казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштери(тосмо) боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мындан сырткары жакынкы аралыкта чек аралаш аймактардагы жаралган көйгөйлүү маселер жана чек арадагы орун алган окуяларды алдын алуу жана болтурбоо боюнча Баткен жана Согди облустарынын башчылары баштаган эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө», -деп айтылат маалыматта.
11-августта Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тараптан ок атылып, аймактык оорукананын терезесин тешип өткөн. Жеринен АК-74 автоматынын 5.45 мм калибрлүү огу табылган. Эч ким жабыркаган эмес. чек арага жакын жерлерге тажик тарап окопторду казып жаткандыгы маалым болгон.
12-августта облустук жыйында чек арага жакын жерлерге тажик тарап окопторду казып жаткандыгы маалым болгон.
Оставьте первый комментарий