
Быйылкы окуу жылы сентябрдын жарымынан башталат. Акыркы коңгуроо 9-июнда болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
Ага ылайык, мектептерде окуу жылы 15-сентябрда башталып биринчи чейрек 5-ноябрда аяктайт.
Күзгү каникул 5-ноябрдан 14 -ноябрга чейин.
Экинчи чейрек.
15-ноябрдан башталып 31-декабрда аяктайт.
Кышкы каникул 1-январдан 10 -январга чейин.
Үчүнчү чейрек.
11-январда башталып 18-мартка чейин созулат.
21-марттан 27-мартка чейин жазгы каникул деп белгиленди.
Төртүнчү чейрек.
28-мартта башталып 8-июнда аяктайт. 10-июндан 15-июлга чейинки убакыт жогорку класстан окуучулары жана бүтүрүүчүлөр үчүн экзамен тапшыруу убагы.
Ал эми орто жана ЖОЖдордо биринчи семестр 15-сентябрдан 31-декабрга чейин деп белгиленген. Экзамендер 3-январдан 21-январга чейин. Экинчи семестр 7-февралдан 25-июнга чейин деп белгиленди. 27-июндан 17-июлга чейин экзамен тапшыруу убактысы.
2022-2023-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу 20-июлдан 10- сентябрга чейин жүргүзүлөт.
Эске салсак, Кыргызстандагы билим берүү мекемелери быйыл жаңы окуу жылы эки жума кечирээк, тагыраагы 15-сентябрда баштамай болгон. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы 12-августта кабарлаган.
Өкмөт мындай чечимин билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынганын маалымдаган.
Оставьте первый комментарий