Интернет ишкерлерден салык алуу сунушталды

Экономика жана каржы министрлиги интернет айдыңында соода кылган жана кызмат көрсөткөн ишкерлерди көзөмөлдөөнү көздөөдө.

Министр Акылбек Жапаровдун 12-августта маалымдаганы боюнча учурда бул тармакта иштегендердин саны 55 миңге чамалуу.

«Булардын ичинен Салык кызматынын каттоосунда 11 миң ишкер турса, салыкты болгону 7-8 миң адам гана төлөйт«, — деди Жапаров.

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров максат экономикадагы терс көрүнүштөргө каршы ыкчам чара көрүү экенин айтып, негизги багыттардын бири салык чогултуу болуп жатканын белгиледи.

12-августта экономикадагы өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам долбоору талкууланды.

Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда тең жактырылган.

10-августта Кыргызстандагы 70тен ашуун бизнес-ассоциациянын башын бириктирген уюм президент Садыр Жапаровго кайрылып, экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган. Уюм, мыйзам долбооруна вето коюлуп, бардык тараптардын талкуусуна коюлушу керек деп эсептейт.

Автор Т-медиа 11675 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*