Президенттик аппарат: Садыр Жапаров мектепке ата-энеден акча чогултууга караманча каршы

Иллюстративдик сүрөт

Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу демилгесине караманча каршы. Бул тууралуу 13-августта мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Айтымында, министрликтин бул демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарына каршы келет. Мындан тышкары буга окшогон кошумча төлөм механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Ал тескерисинче, окуучулардын ата-энелерине жүктөлгөн оор жүк болуп калат.

«Мамлекет башчысы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча жыйноолордун эч бирине жол берилбестигин сөздөрүндө бир нече ирет белгилеп өткөн. Мектептерде ар кандай максаттарга, ар кандай шылтоолор менен акча жыйноого кескин түрдө тыюу салынышы керек. Мектептин өкүлдөрү тарабынан бул сыяктуу жасалган бардык аракеттер дароо билдирилип турушу зарыл», -деп белгиледи Султанбаев.

5-августта билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев ата-энелерден билим берүү мекемелерине колдоо көрсөтүү максатында жылына бир жолу акча чогултуп турууну сунуштаган. Анын сөзүнө караганда,  Бишкекте 1000 сомдон, башка аймактарда 800 сомдон алып туруу талкууга коюлганы жатат.

Автор Т-медиа 11673 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*