Прокуратура: «Головной» суу бөлүштүрүү жайын оңдоо ишинде мамлекетке зыян келтирилген

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 3 млн сомго жакын зыян келтиришкендиги аныкталган. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүргүч жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн тендер жарыяланган. Анда  жооптуу кызматкерлер жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1 657 851 сом которушкан. Алар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузуп, аталган объекттин оңдоп-түзөө иштерин аткарышкан эмес. 

«Ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу боюнча тендерди өткөрүүдө, жогорудагы жооптуу кызматкерлер мамлекеттик сатып алуулардын талабына каршы келгендигине карабастан, тендерде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эң жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкан. Анын кесепетинен мамлекеттен кеткен ашыкча чыгым 602 503 сомду түзгөн. Мындан сырткары, аталган башкармалыктын кызматкерлери 651 396 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз чыгыштап, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда материалдар Жазык  кодексинин 320-беренеси (Кызматтык аблынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*