
Президент Садыр Жапаров участкалык милиция кызматкерлерине ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүү демилгесине каршы чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысынын белгилешинче, ички иштер органдарынын кызматкерлери ишкердик субъектилердин ишине эч кандай кийлигишпеши керек. Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин — коомдук тартипти коргоо жана ага бөлүнгөн участокто кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди аткарууга милдеттүү.
Жапаров азыркы учурда өлкөдө текшерүүлөрдүн азайышы жана инвестицияларды тартуу менен ишкердик кылууга жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.
15-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров ИИМге Салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте аймактык тескөөчүлөргө кошумча укук берүү боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууну тапшырган. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, участкалык милиция кызматкерлерине экономика чөйрөсүндөгү (лицензия, уруксат кагаздары жана башка багыттагы) мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыйгарым укуктары берилет.
Оставьте первый комментарий