
Июль айына карата цемент жана кирпичтин баасы дагы жогорулады. Цемент орточо 50 кг үчүн 358 сом, кирпичтин 1000 даанасы 7 872 сомго чыкты.
Былтыркыга салыштырмалуу цемент 26,3 пайызга, кирпич 21,3 пайызга кымбат.
Цементтин баасы эң жогору Кара-Балта, Нарын шаарларында 400 сомго көтөрүлгөн. Эң арзаны Жалал-Абад, Өзгөн жана Ноокатта 50 киллограммы 300 сомдон сомдон сатылып жатат.
Ал эми кирпичтин 1000 даанасы Токмок, Талас шаарларында 12-13 миң сомдон катталды. Арзаны Кара-Суу Өзгөн шаарларында 3 000 — 6 000 сомдон коюлган.
Көрсөткүч өткөн айга салыштырмалуу Кара-Балтада — 41,3%, Ошто -38,7%га жогору.
Оставьте первый комментарий