
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 11-августта эл аралык террористтик уюмдун 38 жаштагы активдүү мүчөсүн кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган адам 2019-жылы эл аралык террористтик уюмдун бандиттик куралдуу чыр-чатактарына катышуу максатында Кыргызстандан чыгып кеткен.
«Ооганстандагы (Кыргызстанга аймагына кирүүгө тыюу салынган) “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун лидерлеринен тапшырмсы менен ал Кыргызстанда террористтик мүнөздөгү иш-аракеттерди уюштурууну пландаштырган», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.
Учурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана соттун чечими менен кармалган адам Баткен облусунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Оставьте первый комментарий