Айыл чарба жерлерине үй кургандар компенсация төлөөдөн бошотулду. Президент мыйзамга кол койду.

Президент Садыр Жапаров «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзам турак жай куруу пландаштырылбаган жер участокторуна үй куруп алган жарандардын көп жылдан берки көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

«Мисалы, мыйзам менен жол-жоболорду түшүндүрүү жана кайрыла турган органдарды тактоо аркылуу жер участокторуна документтерди алуу тартиби боюнча көйгөйлөр чечилүүдө. Өлкөдө жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда келип чыккан кыйынчылыктарды эске алуу менен бул мыйзам жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул кезге чейин жер участокторун трансформациялоодо турак жайларды куруп алган жер тилкелеринин ээлери айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөшү керек болчу.

Ошондой эле мыйзам менен жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча демилгелер трансформацияланган жерлердин ээлерине өткөрүлүп берилет.

Аталган мыйзам кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирди.

Жер трансформациясы боюнча жаңы мыйзам жең ичинен жер саткандардын пайдасынабы?

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*