«Талибан» Афганистандын Кабул шаарын курчоого алганы айтылууда

«Талибан» кыймылы бүгүн, 15-августта Афганистандын борбору Кабул шаарын да өз көзөмөлүнө алганы айтылды.

15-август саат 16:45ке карата «Талибан» кыймылы Афганистан алардын толук көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаганы кабарланган. Кабулга чейин алар бир нече ири шаарларда өз көзөмөлдөрүн орноткону айтылып жаткан.

Эл аралык ЖМКлар маалыматтарында учурда президент Ашраф Гани отставкага кеткенин жазышууда. Ал эми убактылуу өкмөттүн башчысы болуп Ички иштер министрлигинин мурдагы башчысы жана Германиядагы экс-элчи Али Ахмад Жалали дайындалганы маалымдалууда. Шаарда башаламандык орун алып, жай тургундар аэропорт тараптарга карай агылып жатканы кабарланууда. Ал эми «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү элдерге эч кандай коркунуч болбой тургандыктарын билдиришкен.

Айрым маалымат каражаттары Талибан кыймылынын мүчөлөрүнө таянуу менен бүгүн жеңиш жарыялана турганын жазышууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп кеткен.

«Талибан» Кыргызстандын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*