Президент Афганистандагы кыргыздарды тез арада эвакуациялоо тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров Афганистандагы кырдаалга тыкыр көз салып, тийиштүү мамлекеттик мекемелерден маалымат алып жатат. Бул тууралуу 16-августта мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. 

Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алууда.

Тышкы иштер министрлигине Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болуп, алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды күчөтүү жана өз мекенине тез арада эвакуациялоо тапшырылды.

16-августка караган түнү талибдер Кабулга кирип, Афганистандын аймагы толугу менен алардын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. Жоочулар президенттик сарайды ээлегени белгилүү болду. Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. Убактылуу өкмөт түзүлүп, анын башчысы болуп өлкөнүн мурдагы ички иштер министри Али Ахмад Жалали дайындалды.

АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*