Афганистандан тогуз кыргызстандык эвакуацияланды

Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы туруксуз абалдан улам тогуз кыргызстандык эвакуацияланганын маалымдады.

Учурда калган башка жарандарды алып келүү боюнча да иштер жүрүп жатканы айтылды.

«Бүгүн, 17-августта элчиликтин жардамы менен Кыргызстандын тогуз жараны эвакуацияланды. Калган жарандар коопсуз жайда. Учурда аларды Кабулдагы Кыргызстандын дипломатиялык мекемесинин имаратына алып келүү иштери жүрүп жатат», — деп ТИМ тараткан маалыматта.

Ошондой эле министрликтен Афганистандагы памирлик кыргыздардын виза жана эвакуация жөнүндө кайрылуусу боюнча да маалыматтар текшерилип жатканын кошумчалашты.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*