Талибдер жаш кызды алып кетиштиби? Чуулгандуу видеону текшеребиз

Видеодон скриншот алынды

15-августта Айбек Турдалиев аттуу Твиттер колдонуучусу талибдердин жаш кызды күч менен алып кетишкени тууралуу видео бөлүшкөн. Тасмадагы каармандар кыргызча сүйлөп жатканы айтылат.

Биздин редакция бул маалыматты текшерип көрдү.

Соңку убактарда интернет тармагында “Талибдер жаш секелектерди турмуш куруу үчүн алып кетип жатышат” деген видео активдүү бөлүшүлө баштаган. Invid программасынын жардамы менен бул видеонун 2019-жылы тартылганын аныктадык.

Видеодо 9-10 жаш чамасындагы кыздын ыйлап жатканын көрүүгө болот. Аны 40-45 жаш курактагы эркек киши күч менен кармап, алып кеткен. Кадр артынан «Кой алып кетсин. Бергиле. Сен тийбе!» деген кыргызча сөздөр даана угулган.

Мындан сырткары видеодогу аялдардын кийимдери да Памир тоолорунда жашаган аялдардын кийимине окшош экенин байкоого болот.

Бирок бул видеодо чындыгында Ооганстандагы памирлик кыргыздардын жеринде тартылганы жана күч колдонуп кичинекей кызды алып кеткендердин, талибан кыймылынын мүчөлөрү экени далилденбей калган.

Белгилей кетсек, Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын саны 2003-жылы беш миңдей болсо, азыр 1,5-2 миңдин тегерегинде. Алардын бир бөлүгү Кыргызстанга көчүрүлүп келсе, калганы Ооганстанда калган. Талибан кыймылынын Ооганстанда күч алышы менен кооптонгон 350гө жакын памирлик кыргыздар Тажикстанга качышкан. Бирок Тажикстан аларды кайра артка кайтарып жиберген.

Азыркы учурда кыргыз бийлиги Ооганстандагы кыргыздарды көчүрүп келүү боюнча тиешелүү кадамдарды жасай элек.

Талибдер жана аялдар

«Талибан» кыймылы буга чейин аялдарга карата катаал режимде экенин көрсөткөн. Мисалы, алар 1996-жылы Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин аялдардын иштөөсүнө, сегиз жаштан кийин көчөгө жалгыз чыгуусуна, чоочун кишилерге көрүүнүүсүнө жана бийик такалуу бут кийим кийүүсүнө жана башкаларга тыюу салышкан. Эгерде бул талаптар бузула турган болсо аялдар өтө катуу жазаланып келген.

Азыркы учурда Ооганстандын дээрлик бардык аймагын көзөмөлдөгөн жана Кабулда бийликти алган талибдер аялдардын укуктарын урматтоону жана аларды иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпоону убада кылышса да, бир топ активисттер мурдагы режим кайра орной турганын айтып келишет.

Мындан сырткары «Daily Mail» басылмасы 13-августта Талибан кыймылы 12 жаштагы секелек кыздарды аялдыкка алып жатат деген маалыматты жарыяланган. Бирок азыр бул тууралуу так маалыматтар жарыялана элек.

15-август күнү «Талибан»  кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулга келип, Ооганстанды толугу менен өзүнө каратты. Бүт чек ара өтмөктөрүнө да көзөмөл кылууда. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.

Жыйынтык: «талибдер жаш секелектерди турмуш куруу үчүн алып кетип жатышат» деген видео 2019-жылы тартылган. Кадр артында кыргызча сөздөр угулганы менен, видео кайсы жерде тартылганы белгисиз.

Булак: ПолитКлиника

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*