Токио: Паралимпиадага Кыргызстандан эки спортчу барат

Уулуттук Паралимпиада курама командасы. Сүрөт/ Министрлер кабинети

Бүгүн, 17-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандын Паралимпиада курама командасын кабыл алды. Ошондой эле спортчу Арстанбек Базаркуловго кыргыз желегин тапшырды.

«Алдыда боло турган Паралимпиадалык оюндарда бүтүндөй кыргыз эли сиздерди колдойт. Ийгиликтүү катышыңыздар», — деди Марипов.

Ушул жылдын 24-августунан 5 -сентябрга чейин Токиодо XVI Паралимпиадалык оюндар  өтөт. Ага Кыргызстандын атынан жеңил атлетиканын ядро ыргытуу түрү боюнча Арстанбек Базаркулов жана пара-дзюдо боюнча 57 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы катышат.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*