
17-августта Ысык-Көл облусунун «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолундагы Кубакы ашуусунун Тоң районуна караган тилкесинде жүргүнчү ташыган «Мерседес-Бенс-Спринтер» менен MAN жүк ташыган унаа кагышып, беш киши мүрт кетти. Дагы 10 адам жаракат алганы айтылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, кырсыкта каза болгон беш киши тең «Мерседес-Бенс-Спринтер» автоунаасында бара жатышкан. Учурда маркумдардын жана жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталууда. Жеринде ӨКМнин куткаруу тобу менен бирге ИИМге караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барууда.
ИИМдин маалыматы боюнча, ушул жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болгон. 4000ден ашык киши жаракат алды. Бул сандар былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу дээрлик 50% көп.
Оставьте первый комментарий