Ош: эгемендүүлүктү майрамдоого мэрия 577 миң сом жумшады

Сүрөт: Спутник

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын уюштурууга Ош шаардык казынасынан 577 миң сом жумшалды. Бул тууралуу «Т-Медиага» мэриянын алдындагы маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов билдирди.

Иш-чара театралдаштырылган көрүнүштөр, улуттук спорт оюндары жана ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүн жармаңкелери менен коштолот. Аянттын оң тарабына жети боз үй тигилип, кечинде концерттик программа болот. Ага Бишкек, Оштон эстрада жылдыздары чакырылган.

«Бөлүнгөн каражат ырчылардын, театр артисттеринин, режиссерлордун эмгек акысына жумшалат. Бишкектен эмгек сиңирген үч ырчыны чакырттык. Кол өнөрчүлөрдүн, өндүрүшчүлөрдүн жармаңкесин уюштуруп жатабыз. Боз үйлөрдүн ичине тамак-аштардын түрү коюлганы жатат. Пандемия шартын эске алып иш-чарага катышуучулардын санын былтыркыга караганда эки эсе кыскарттык. «, -дейт Кадыркулов.

Кыргызстандын эгемендик алганына быйыл 30 жыл толду. 1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо