
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция мэрликке Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу «Т-Медиага» Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди.
Азырынча Мамбетов калаа башчылыгына жалгыз талапкер.
Ош шаарынын мэрин шайлоо 26-августта өтөт. Бүгүн, 18-август шаар мэрлигине талапкерлигин коюунун акыркы күнү.
Эреже боюнча Ош шаарынын мэрин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. 11-июлда өткөн кайра шайлоодо Ош шаардык кеңешине төрт партия өткөн. Алар: «Ата-Журт Кыргызстан», «Биздин Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги», «Бир Бол».
Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга 2-августта киришкен. Аны шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен шайлаган. Мамбетов бул кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын айткан.
45 жаштагы Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.
Оставьте первый комментарий