Эс алганы келип, көз жоосун алган кооздукту бузуп кетет
Туризмди артка тарткан таштанды көйгөйү
Базар-Коргон районундагы Арстанбап эс алуу жайында арызкы тапта адамдын саны үзүлбөй турган чагы. Пандемиядан улам, былтыртан бери мында чет өлкөдөн келген туристтердин саны солгундап калган. Ал эми, эс алууга барган мекендештер тескерисинче көбөйүп, ички туризм жанданып жатат. Бирок эң аянычтуусу мында келген жарандар таштандыны туш келди таштап, кооз жаратылышты булгап кетишет. "Т-Медиа" Арстанбаптагы өз колубуз менен талкалап жаткан кооздукту сүрөткө түшүрүп келди.
Арстанбап эс алуу жайы 80-жылдары Жалал-Абад шаарынан 60 километр алыстыкта негизделип, иштеп жатканына 41 жылга таяп калды. Ошентсе да аймакта ушул күнгө чейин таштандыны кайда, кантип ташуу көйгөйү чечилбеген. Ага үстөк эс алуу маданиятын сактабагандар мусорду отурган жерине калтырып кетишет. Жада калса "Таштанды таштоого мүмкүн эмес" деген тактайчанын эле айланасында эс алуучулардан калган калдыктар жатат.
"Өлкөдө ташталып жаткан таштандынын чет өлкөлүк туристтерге эч кандай тиешеси жок. Четтен келген туристтердин маалыматы бар жана алар туризм маданиятын жакшы билишет. Жада калса тамекини чегип бүткөндөн кийин да калдыгын чөнтөгүнө сала кетишет. Бизде болсо жеген алмасынын калдыгына чейин көчөгө таштап коюшат" - дейт Youth of Osh коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы регионалдык координатору Бекназар Чынтемиров.
Бул аймакка таштанды полигону курулган эмес. Мусорду коңшу айыл өкмөтүнө алып барып ташташат. Таштандынын ташып кеткенге унаа да жок. Мындан улам, конок үйлөрүнөн чыкан таштанды ошол эле жердин айдоо аянтында өрттөлөт.

Бирок активисттер эс алуу жайында полигондун жоктугу экологиянын бузулушуна терс таасирди азайтат дейт. Мындан улам, жаңысын курбастан, кошуна айылга таштандыны ташуучу транспортторду уюштуруп берүүнү сунуштап келишет.
Арстанбап эс алуу жайына жеткенге чейин деле, жолмо-жол ушул эле көрүнүшкө күбө болосуң.
Үрүнса Нурбаева
Базар-Коргон районунун тургуну
Биз Арстанбапка эс алганы көп келебиз. Бул жылдын эсебинен алгачкы жолу келип олтурам. Жолдо келе жатып жол жээгиндеги илинген чүпүрөктөрдү таштандыларды көрдүм. Буларды тазалап коюшса жакшы болмок.
Арстанбап эс алуу жайы