
«Япониянын Нагоя шаарынын мэри софтбол боюнча Олимпиада чемпионунун алтын медалын тиштеп алды — эми медаль алмаштырылат. Ал эми чиновник үч ай айлыксыз отурат» деген маалыматтар тегерамм каналында тарап жатат.
Буга чейин Японияда чиновниктин алтын медалды тиштеген сүрөттөрү интернетте тараган.
Биз бул маалыматты текшерип көрдүк.
Алгач сүрөттүн качан тартылганын издедик. Интернеттен Япониянын Нагоя шаарынын мэри тиштеген алтын медаль менен спортчунун сүрөттөрүнүн ондогонун көрүүгө болот. Алардын баарынын датасы дээрлик ушул жылдын август айын көрсөтөт.
Ал эми чиновниктин үч айлык эмгек акысынан баш тартканы тууралуу маалыматтар 16-августта пайда болду.
Ушул дүйшөмбүдө Нагоя шаарынын мэри Такаши Кавамура Олимпиадалык софтболчунун алтын медалын тиштеп алгандан кийин, үч айлык маянасында 1,5 миллион иендон (13,000 доллар) баш тартууга даяр экенин билдирди.
Ал бул тууралуу Токиодо 16-августтагы маалымат жыйынында айткан.
«Мен моралдык жоопкерчиликти сезем», — деген Кавамура маалымат жыйынында. Ал айлыкты кыскартуу боюнча буйрукту сентябрда баштала турган жолугушууда сунуштай турганын кошумчалаган.
Токио оюндарын уюштуруу комитетинин маалыматы боюнча, Готонун алтын медалы жаңысына алмаштырылат жана анын чыгымын Эл аралык Олимпиада комитети көтөрөт.
Софтбол командасынын ийгилигин майрамдоо учурунда мэр (коронавируска каршы чараларды тизмектеген стенддин алдында) коргоочу маскасын чечип, медал тагынып, анан тиштеп көргөнү сынга кабылган. Бул Нагоя шаарынын тургундарынын нааразычылыгын жараткан. Бир жуманын ичинде мэрияга жети миңден ашуун арыз түшкөн. Мэр спортчуларды сыйлабаган жана башка бирөөнүн коопсуздугун эске албаган деп айыпталган.
Жыйынтык: Япониянын Нагоя шаарынын мэри медалды тиштеп, санитардык эрежени сактабагын үчүн 3 айлык акысынан кече турганын айтканы чын.
Оставьте первый комментарий