Ошто 31-августта улуттук ат оюндары өтөт

Ош облусунда 31-август күнү улуттук ат оюндары боюнча президенттин кубогу өткөрүлөт. Анын байгесине 4 автоунаа коюлат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

31-август күнү Ош облусунда өткөрүлүүчү маданий жана спорттук иш-чаралардын тизмеси:

1. Төлөйкөн айылында ат майданында Көк бөрү жана улуттук ат оюндары боюнча Ош облусунда алкачкы жолу президенттин кубогу өткөрүлөт. Башкы байгеге 4 автоунаа коюлган. Башталышы саат 11:30.

2. Ош облусунун район борборлорунда 30 жылдын ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чагылдырган эмгекчилердин майрамдык жүрүшү. Айыл өкмөт мекеме-ишканалардын катышуусунда жүрөт.

3. Ош облусунун райондорунда  Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, китеп, сүрөт көргөзмөлөрү, театрлаштырылган оюн-зоок программалар жана майрамдык концерттер өткөрүлөт.

4. Ош облусунун райондорунда  Улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

5. Ноокат районунда Түштүк аймагынын ардагер воллейбол командаларынын достук беттеши өткөрүлөт.

6. Султан Ибраимов атында ОУДТда  жана райондордо «Кубат Бий» спектаклы 10 күн көрсөтүлөт.

7. Баардык маданият мекемелеринде түрдүү улуттун катышуусунда майрамдык концерттер өткөрүлөт.

8. «Сулайман-Тоо» улуттук археологиялык музей комплексинде Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу учурлар, өнүгүүгө салым кошкон тарыхый инсандар, архивдик материалдардан турган көргөзмө жасалат.

9. Алымбек Датканын 220 жылдыгына, Курманжан-Датканын 210 жылдыгына карата Алай районунда «Тоо Театрларынын»  1- фестифалы өткөрүлөт.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*