УКМК: Афганистандан качкындар келгени чындыкка дал келбейт

Кыргызстандын аймагына Афганистандан качкындар келген жок. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек ара кызматы Афганистанда болуп жаткан окуяларды ага чектеш жайгашкан Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын чек ара аймактарындагы кырдаалга көз салып турат.

«Чек ара кызматы эки тараптын кызыгуусун жараткан маалыматтарды алмашуу боюнча чектеш өлкөлөрдүн чек ара өкүлчүлүк аппараттары менен кош аракетенүүнү күчөттү. Ал эми Кыргызстандын күч структуралары жана мамлекеттик органдары менен мамлекеттик чек арада кырдаал курчуган учурда биргелешкен кош аракетенүүнүн мерчеми жана мезанизми түзүлүп иштелип чыкты», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек аймактарында коопсуздукту камсыздоо максатында кошумча чек ара постору коюлган.  Чек ара кызматы күч структуралары менен биргеликте пландаштырылган чалгындоо-издөө аракеттерин жүргүзүүдө. 

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*