Чүй: жол кырсыгынан үч киши каза болду

Сүрөт: ӨКМ

20-август күнү Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 50-чакырымындагы Ивановка айылында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кырсыкка учурап, үч киши мүрт кетти. Алардын бирөө бир жаштагы наристе болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, унаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен үч адам (бир эркек, бир аял, бир бала) жеринде каза болуп, дагы үчөө (эки аял, бир эркек) жабыркаган. Учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын ким экени такталууда.

Кыргызстанда кан жолдордо акыркы күндөрү автокырсыктар көбөйдү. 17-августта эле Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунунун 172-чакырымында жүргүнчү ташуучу «Мерседес-Бенц-Спринтер» менен жүк ташуучу машине кагылышып, жети киши каза болду. 

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын патрулдук кызматынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев «Спутник» маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында 2021-жылдын жети айында Кыргызстанда 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам көз жумганын билидриген. Анын айтымында, былтыркыга салыштырмалуу жол кырсыгы 36% көбөйгөн, анын ичинен каза болгондор 21%, жаракат алгандар 38% түзөт. 5954 киши кырсыктан ар кандай жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши каза болгон.

Июнь айында президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Автор Т-медиа 11130 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*