
Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин пикиринде, бул улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакка оң таасирин тийгизет. Бул тууралуу ал Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушууда айтты.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты. Анын ичинде энергетика, транспорт жана өнөр-жай тармагындагы кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланган.
«Биз ушул жылдын январь-июнь айларында 1 млрд 5,5 млн долларды түзгөн жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5%га көбөйгөн эки тараптуу товар жүгүртүүнү андан ары жогорулатууга басым жасоо менен активдүү биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даярбыз», – деди Улукбек Марипов.
Суйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Орусиянын Кайчылаш жылынын жыйынтыктарын жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында мындан аркы кызматташууну талкуулашты. Марипов кесиптешине Кайчылаш жылынын алкагында Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Оставьте первый комментарий