
Уфа шаарында (Орусия) өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Сезим Жуманазарова коло байге утту.
Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 57 килограмм салмакта килем үстүнө чыккан. Баштапкы этапта швециялык Нелли Анна Регина Флорентинди утуп, чейрек финалда италиялык Аврора Руссого жеңилген. Руссо финалга чыгып, Сезим көңүл жубатуучу беттешке чыкканга мүмкүнчүлүк алган.
Сезим Жуманазарова Токио Олимпиадасында коло байге уткан Мээрим Жуманазарованын бир тууган сиңдиси. Атасы Дүйшөн Жуманазаров эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу.
16-августта башталган спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 22-августта аяктайт.
Оставьте первый комментарий