Түптө тигүү фабрикасы ишке кирди

Сүрөт: Султан Досалиев

21-августта ачылган тигүү фабрикасы кездеме, байпак жана башка продукцияларды чыгарат. 

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында район тургундарын 200 жумуш орду менен камсыздаган тигүү фабрикасына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү» фондунун кошумча каржылоосунун эсебинен ишке кирди. Түп айылындагы ишкана «Салкын» ЖЧКсы — Кыргызстандагы пахта продукциясын өндүргөн эң ири фабриканын филиалы болуп саналат. Ал токулган кездеме, байпак жана башка продукцияларды чыгарат. Жергиликтүү тургундар жана фабриканын кызматкерлери менен баарлашуу учурунда президент фонддун каражаты буга чейин ар кыл коррупциялык аракеттерден улам максатсыз пайдаланылып, натыйжада көптөгөн жакшы регионалдык долбоорлор ишке ашпай калганын белгилеген.

«Жапаров Түп айылында бүгүн ачылган 200 орундуу фабриканын мисалында эми фонддун бардык акчасы аймактагы ишкерлердин демилгелерин колдоого ачык-айкын бөлүштүрүлөрүн айтты. Жергиликтүү тургундар өлкө башчысы менен баарлашууда айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, жер тилкелерин трансформациялоо, ошондой эле социалдык-билим берүү объектилери — мектеп жана бала бакчаларды куруу маселелерин көтөрүштү», -деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өзгөчө акимдердин ролун күчөтүү, жөлөк пул жана бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акыларын жогорулатуу пландары жөнүндө айтып берди.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*