Өткөн суткада 248 адамдан коронавирус табылып, беш бейтап көз жумду

Коронавирус илештирип алгандардын саны азайып калганы менен өлүм учурлары токтой элек. Ооруканаларда 1 500гө жакын адам дарыланууда.

Соңку бир сутка ичинде коронавирус 248 адамдан аныкталып, 492 киши айыкты. Бул тууралуу Коронавируска каршы ыкчам штабдын 21-августка карата берген маалыматында айтылат.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 121;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 51;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу – 16.

Жалпысынан өлкөдө илдет илештиргендердин саны 173 676га жетти. Анын ичинен 165 860 адам дартты жеңген.

Өткөн суткада оору беш адамдын өмүрүн алып, өлүм учурларынын жалпы саны 2 478ге жетти.

Стационарда 1 451, ал эми үй шартында 2 467 бейтап дарыланып жатат.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*