
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 22-августтагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча оорудан алты киши каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2484 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 244 адамдан табылды.
- Бишкек — 137;
- Ош шаары — 3;
- Чүй облусу – 45;
- Ош облусу – 2;
- Талас облусу — 6;
- Нарын облусу — 4;
- Ысык-Көл облусу – 28;
- Жалал-Абад облусу – 7;
- Баткен облусу — 12.
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган жалпы саны 173 920 адамга жетти.
Азыркы тапта ооруканада коронавирус менен 1405 адам ооруп жатат. Үй шартында 2299 киши дарыланууда.
Оставьте первый комментарий