
Аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош, Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди 21-августта каттады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катарыАйбек Жунушалиевкатталды. Анын талапкерлиги Министрлер кабинети жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталган.
Ош аймактык шайлоо комиссиясы калаа башчылыгына Алмаз Мамбетовду каттады. Мамбетов да премьер-министр Улукбек Марипов жана Ош шаардык кеңешиндеги “Аманат” көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталган.
Ал эми Токмок шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы мэрликке эки талапкерди каттады. Алардын бири Урмат Самаев көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталган. Ал эми Кубатбек уулу Азатты азчылык коалициясы колдоп берди.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.
Оставьте первый комментарий