10 млн сом, автоунаа, «Манас» ордени. Олимпиадада медаль уткандар сыйланды

Сыйлоо аземи. 23-август, 2021-ж. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Бүгүн, 23-августта Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында байгеге ээ болгон спортчуларды сыйлоо аземи өттү. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында уюштурулган иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Олимп оюндарында күмүш медаль тагынган балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Мындан тышкары 10 миллион сомдук акчалай сыйлык тапшырылып, Toyota RAF 4 унаа белекке берилди.

«Токиодогу Олимп оюндарында сиздин колдооңузду (ред-президент Садыр Жапаровго айтып жатат) сезип турам. Мен жеткен күмүш медалымы өлкөбүздүн 30 жылдык мааракесине арнайм. Сиздин колдооңузга, ишеничиңизге терең ыраазычылык билдирем. Буюрса, ден соолук берсе Париждеги оюндарга катышам», -деди Тыныбекова.

«Бул жеңиш баарыбыздын жеңишибиз. Мекенибиз өнүгүп-өссүн. Келерки жылдагы Олимпиада оюндарына мындан да жакшы шарт түзүлсүн. Жаштарыбыз өсүп келе жатат. Кийинки Олимпиада оюнунда Кыргызстандын тарыхына биринчи алтын медаль келет деп ойлойм», -деди Акжол Махмудов.

Ал эми коло байге алган Мээрим Жуманазаровага 3-даражадагы «Манас» ордени жана 7 млн. сом, Toiota Raf 4 үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.

Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын баарына жана машыктыруучуларга да акчалай сыйлыктарды тапшырган президент Садыр Жапаров спорттун күрөш түрүнөн тышкары жеңил жана оор атлетикага да маани берип, жандандыруу зарыл экенин белгиледи.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 8-августта аяктаган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышкан. Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) менен Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) күмүш медаль утушкан. Ал эми Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаль алып байгелүү орунду ээлеген.

Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Айсулуу Тыныбекова: Париж Олимпиадасына катышам

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*