Айсулуу Тыныбекова: Париж Олимпиадасына катышам

Сыйлоо аземи. 23-август, 2021-ж. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Токиодогу жайкы Олимп оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медаль алган Айсулуу Тыныбекова үч жылдан кийин Парижде өтчү Олимпиада оюндарына катышарын айтты. Мындай пикирин балбан кыз бүгүн, 23-августта мамлекеттик резиденцияда спортчуларды сыйлоо аземинде билдирди.

Тыныбекова күмүш медалын Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арнаганын билдирди.

«Мен Токиодогу Олимпиада оюндарында жеңген күмүш медалымды Кыргызстандын 30 жылдык эгемендик маарекесине  арнайм. Буйруса ден соолук берсе, келе жаткан Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышам» ,- деди Тыныбекова.

Ушул тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан медаль алган спортчулар менен Кыргызстандын курама командасына сыйлык тапшыруу аземи болуп жатат.

Япониядагы Жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алды.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*