
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорун улантып, аягына чыгаруу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-августта өткөргөн маалымат жыйында айтты.
Бул курулуш долбоору 252 миллион сомго бааланган. Учурда жарым акчасы шаардын казынасынан бөлүнүп, иш жүрүүдө. Мамбетов долбоордун жалпы шаарга жана шаардыктарга кереги тиерин белгилеп, ишти жарым-жартылай токтотуп коюу туура эмес экенин айтат.
«Жарым акчасы төлөнгөн долбоорду кайра токтотуш туура эмес деп ойлойм. Баштагандан кийин бүтүрүшүбүз керек. Бардык шаарлардагы суу бар жерлерди карасаңар жөө басканга, велосипед тепкенге, келген туристтерге жакшы шарт түзүлгөн. Эми жарымына келип калган ишти мен келип туруп эле токтотуп койгонум туура эмес көрүнүш. Жарым акчасы республикалык бюджеттен каржыланат экен. Азыр ошону бөлдүрүп, аягына чыгарышыбыз керек. Долбоор менен бир сыйра тааныштым. Кемчиликтерди айтып, тоолуктоолорду кошумчаладым».
Ош мэриясы пандемия учурунда ири курулушту баштаган. 252 миллион сомго бааланган долбоордун демилгечиси шаардын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов. Долбоорду тендерде «Капитал Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Мунун курулушу ишке ашаарына коомчулукта күмөн санагандар да бар.
Буга чейин биздин редакция жарыяланган тендерди карап чыгып, анын жүрүшүндөгү бир канча күмөндүү жагдайларды жана тендерден уткан «Капитал Курулуш» ЖЧКсынын «Ихлас» курулуш компаниясы менен байланышын аныктаган.
Оставьте первый комментарий