Өткөн суткада COVID-19дун жаңы 228 учуру катталды

Акыркы 24 саат ичинде өлкөдө коронавирус илдети 228 кишиден аныкталды. Ошол эле учурда 394 бейтап айыгып, бешөө каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

Бишкек — 152;
Ош шаары — 1;
Чүй облусу – 27;
Талас облусу — 9;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 26;
Жалал-Абад облусу – 8;
Баткен облусу — 2.

Жалпы жуктургандар өткөн жылдан бери  174 148 кишиге жетти. Айыккандар 166 702. Курмандыктардын саны 2489.

Учурда стационарда 1375 жана амбулатордук түрдө 2159 адам дарыланып жатат.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*