
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы төрт адам каза болду. Ошентип, жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2498 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 229 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 102 жана Чүй облусунда — 46 учур катталды. Мындан тышкары илдет Ош шаарында жети, Ош облсунуда сегиз, Таласта үч, Нарында он эки, Ысык-Көл облусунда 27, Жалал-Абадда он төрт жана Баткен облусунда он адамдан чыкты.
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 174 576 адамга жетти.
Бир күндө 444 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1260 адам жатат, дагы 1794 бейтап үйдөн дарыланууда.
Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.
Ушул жылдын 15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан.
Оставьте первый комментарий