Тамеки антителонун иштелип чыгышына таасир этери далилденген эмес

Иллюстративдик сүрөт

Коронавируска каршы вакцина алгандан кийин тамеки чегүү антителонун иштелип чыгуусун алсыратат. Мындай маалыматты айрым жергиликтүү басылмалар «РИА Новости» агенттигине таянып жазып чыкты.

“Т-Медиа” маалыматты текшерип көрдү.

Маалыматтын түп нускасы (оригинал) Medrxiv.org порталына жарыяланган.  Анда Япониянын Докке жана Джичи университетинин окумуштуулары Pfizer вакцинасынын эки компонентин алгандан үч ай өткөндөн кийин коронавирустан коргоочу антителону өлчөө үчүн 378 медицина кызматкеринен кан алганы айтылат. 

Андан соң чылым чеккендер менен чекпегендердин антителосун салыштырып көрүшкөн. Натыйжада аял-эркек экенине карабай тамеки чеккендердин канындагы антителонун концентрациясы нормадан 140-250гө төмөн болгон.  Мындан улам имунологдор “чылым чегүүдөн баш тартуу вакцинанын эффективдүүлүгүн арттырат жана иммунитетти чыңдайт” деген бүтүмгө келишкен.

Вакцинациядан кийинки алгачкы күндөрдө чылым чегүүнүн зыяндуулугу жөнүндө буга чейин Ходанова атындагы иммунокоррекция боюнча медициналык борбордун жетекчиси, врач-терапевт Людмила Лапа да айткан. Анын пикиринде, тамекини колдонуу тромбозду пайда кылышы мүмкүн. 

Кыргызстандагы Республикалык эмдөө борборунун дарыгери Азим Кыргызбаев вакцина алганга чейин тамеки чексе, ал кан басымды өзгөртүп, текшере келгенде чыныгы көрсөткүч так чыкпай калышы толук ыктымалдыгын билдирген. 

ДССУ эмне дейт?

Айрым өлкөлөрдө жапырт эмдөө башталат деген жарыя болор замат, вакцинага байланыштуу ар түрдү жалган маалыматтар пайда боло баштаган. Алардын арасында «вакцина аркылуу кишилерге чип орнотулат» же «ДНК өзгөрөт» делген мифтер бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун расмий сайтында эмдөө тууралуу мифтердин топтому жарыяланган. Бирок вакцина алгандан кийин тамеки чегүү антителонун иштелип чыгуусун алсыратары тууралуу сөз болгон эмес. 

Жыйынтык: далилденген жок. Учурда бул маалымат препринт катары жарыяланган, башкача айтканда кошумча изилдөөлөргө муктаж экендигин билдирет.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*