
Кыргызстанда бүгүнкү күндө 84 миң баланын ата-энеси мигрант болуп сыртта жүрөт. Тилекке каршы, алардын жакындары жанында жок болгондуктан, зомбулукка кабылган учурлар болууда. Бул тууралуу эмгек мигранттарын колдоо жана дайынсыз жоголгон мекендештерди издөө маселелери боюнча жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.
Отурумда чет жерде иштеген мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, кыргыз диаспоралары менен иштешүү сыяктуу бир катар маселелер каралган.
«Бүгүнкү күнү 84 миңге жакын бала ата-энесинен алыс жашайт. Тилекке каршы, эмгек мигранттарынын балдары зордук-зомбулукка кабылган учурлар болууда», — дейт Бакашова.
Жыйында ата-энеси мигрант болуп жүргөн балдардын укугун коргоо, каттоо, кароо министрлер кабинетинин негизги иш багыттарынын бири экени белгиленген.
Бейрасмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет мамлекетте жүрөт. Басымдуусу Орусияда эмгектенет.
Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны бир миллиондон ашат.
Оставьте первый комментарий